Биз менен байланышыңыз

6-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 411 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-июнда күндүз жана 6-июнда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 15…..17.… күндүз: 22……..27°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 12…..17.….күндүз: 21………26°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 17……22….күндүз: 29……..34°

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 17……22….күндүз: 29………34°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 10……15.….күндүз: 18……..23°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 8……13…..күндүз: 18.……23°C

6-июнда Бишкекте жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…….17°C, күндүзү 24………26°C.

Copyright © 2017 Maral FM