Биз менен байланышыңыз

Эмдөө саммитинин катышуучулары 8,8 млрд $ чогултушту

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 387 | 0

Бүткүл дүйнөлүк Эмдөө саммитинин катышуучулары 2021-2025-жылдарга Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянска (GAVI) 8,8 миллиард доллар чогултушту.

Саммит Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун демилгеси менен өткөрүлдү. Иш-чарага 25 мамлекеттин жана өкмөттүн башчылары, 50дөн ашык жогорку даражалуу чиновниктер, ири компаниялардын жетекчилери жана адистери катышты.

«Мына биз күтүп жаткан сумма: акыркы беш жыл ичинде Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянска $ 8,8 миллиард акча топтодук», — деди Жонсон.

Саммит  Альянстын (GAVI) негизделгенинин 20 жылдыгына арналган. Баштапкы максат  7,4 миллиард доллар чогултуу болгон.

GAVI — жакыр өлкөлөрдө балдарды эмдөөгө мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө багытталган бир катар жеке жана өкмөттүк уюмдардын кызматташуусу. Альянс 2000-жылы жакыр өлкөлөрдө эмдөө аракеттери начарлап кеткенден кийин түзүлгөн.

Быйыл саммитте коронавирустук вакциналардын табылышын тездетүү зарылдыгына көп көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM