Биз менен байланышыңыз

Ырчы Үмүтай Абдышева Украина уюштурган онлайн-фестивалда 1-орунду алды

Белгилүү ырчы Үмүтай Абдышeва Украинада өткөн онлайн-фестивалда биринчи орунду багындырды.  Ырчыга  байланышканыбызда,  фестивалдын  кандай  жол менен өткөрүлгөнү тууралуу кеп кылды:

«Гастролдоп Бельгия өлкөсүнө барганда Элнура деген эже менен таанышып калгам, бир күнү ошол эже чалып калды: «Үмүтай онлайн- фестиваль болгону  жатат катышып көрбөйсүңбү?- деп. Угуп көрсөм, шарты  жөнөкөй, обондуу ыр жана бир күү ойноп жөнөтүш керек экен, анан мен сөзү Б.Сарногоев,  обону Н. Давлесовко таандык «Жылкычы бозой»деген чыгармасын комуздун  коштоосунда  жана Н. Борошовдун «Кара өзгөй» күүсүн аткардым. Жыйынтыгы эки күндүн ичинде ар кайсы өлкөдөн келген калыстардын жана онлайн көрүүчүлөрдүн чечими менен чыгарылып, ушундай жеңишке жетишип олтурам. Жеңүүчүлөргө атайын дипломдор жана буйруса күз айларында Европанын  эки өлкөсүндө өтө турган музыкалык фестивалга жолдомо ыйгарылды».

«Марал» радиосу Үмүтайды жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык бийиктөөлөрдү каалайт.

Copyright © 2017 Maral FM