Биз менен байланышыңыз

4-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 362 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 4-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 15…..20.… күндүз: 31……..36°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 14…..19.….күндүз: 30………35°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 16……21….күндүз: 32……..37°

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 16……21….күндүз: 32………37°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 9……14.….күндүз: 22……..27°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 9……14…..күндүз: 24.……29°C

4-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…….20°C, күндүзү 33………35°C.

Copyright © 2017 Maral FM