Биз менен байланышыңыз

Улан-Батордун мэри $3,8 млн доллардык 3 үйгө ээ

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 665 | 0

Монголиянын коррупцияга каршы агенттиги 2020-жылдагы парламенттик шайлоого талапкерлердин кирешелери жөнүндө декларацияларды жарыялады.

Документке ылайык, Улан-Батор мэри Сайнбуянгийн Амарсайхандын:

  • жеке кирешеси — 30 миң $;
  • үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешеси — 62 млн $;
  • турак жай — 3,8 млн доллардык үч батир;
  • унаалары — Lexus RX 350-1 жана Mazda CX-9-1 202, 72 миң $;
  • зер буюмдары — 80 миң $;
  • банктык аманаттар — 27,4 миң $;
  • алына турган карыз — 1,6 млн $;
  • насыя- 36 миң $;
  • компаниялардагы үлүшү: «Оюуны Ундраа Групп» 24%, MSG NBFI 100%, Evo Wellness LLC 100%.

Айта кетсек, 2-июнда Монголияда 24-июнга белгиленген парламенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүү иштери башталган.

Copyright © 2017 Maral FM