Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 15…..20.… күндүз: 30……..35°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 14…..19.….күндүз: 30………35°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 16……21….күндүз: 31……..36°
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 16……21….күндүз: 31………33°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 9……14.….күндүз: 19……..24°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 8……13…..күндүз: 20.……25°C
3-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…….20°C, күндүзү 33………35°C.