Биз менен байланышыңыз

Америкалыктар тизе бүгүп, кечирим сурашты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 1686 | 0

Ак түстүү америкалыктар тизе бүгүп, көп жылдык ыркчылык үчүн кечирим сурашты. Афро-америкалыктар алардын кечиримин  кабыл алышты.

Окуя полиция тарабынан кармоо учурунда алган жаракатынан улам каза болгон афро-америкалык  Джордж Флойддун үй-бүлөсү үчүн дуба кылып жатканда болгон. Афро-америкалыктар кечиримди кабыл алып, ибадатка кошулушкан.

Флойд өлгөндөн кийин АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциялары башталды жана тополоңго айланды.

Полициядагы зордук-зомбулукка каршы мындай башаламандыктар Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Денвер, Нью-Йорк, Индианаполис, Бостон жана Детройт шаарларында орун алууда.

Бийлик козголоңчулар менен полициянын ортосундагы кагылышуу же аларга карата коркутуулар ички террордук акт катары каралышы мүмкүн экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM