Биз менен байланышыңыз

Трамп АКШдагы башаламандыкты жөнгө салууда өзүн мактады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 895 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерде өлкөнүн Улуттук гвардиясы жана полиция кызматкерлери Миннеаполистеги жана Вашингтондогу башаламандыктарды токтотууда мыкты иш жасаганын жазды. Бул үчүн Трамп өзүнө ыраазычылык билдирди.

«Кечээ кечинде Колумбия округунда эч кандай маселе болгон жок. Көптөгөн камоолор болду. Көпчүлүк тарабынан жасаган сонун иш. Миннеаполис укмуш болду (президент Трампка рахмат!) «, — деп жазган АКШ президенти.

Трамп ага кошумча Нью-Йоркто болуп жаткан окуяларга баа берди. Анын айтымында, 1-июнь Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо жана бир тууганы — CNNдин журналисти Крис Куомо үчүн «жаман күн» болду.

Трамптын пикиринде, Нью-Йоркто «талап-тоноочулар, хулигандар жана радикалдар» иштеп жатат. Ал эми губернатор президенттин Улуттук гвардия менен тополоңду басуу сунушун четке какты. Натыйжада, шаар «талкаланып» калган.

«Нью-Йорк, Улуттук гвардияны чакыр. Шылуундар сизди бөлүп-жарып жатышат», — деп жазган Трамп.

Миллиардер АКШнын афроамерикалык калкы үчүн 14 трлн $ компенсация талап кылды

Эске салсак, АКШда полициянын ырайымсыздыгынын айынан афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу башаламандыктар бир нече күндөн бери уланып келет.

46 жаштагы Флойд 25-майда Миннеаполисте «жасалма банкнотторду пайдаланган» деген шек менен өлтүрүлгөн.

Америкалык милиционер Дерек Шовин Флойдду камакка алуу учурунда тизеси менен мойнунан басып турган. Бир нече сааттан кийин Флойд ооруканада көз жумган.

Кармоо жүргүзгөн төрт полиция кызматкери иштен бошотулуп, Шовингге «этиятсыз түрдө киши өлтүргөн» деген айып тагылган.

Copyright © 2017 Maral FM