Биз менен байланышыңыз

Джордж Флойд 9-июнда Хьюстондо жерге берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 909 | 0

АКШнын Миннесота штатында полиция тарабынан кармоо учурунда каза болгон афроамерикалык Джордж Флойд менен коштошуу аземи 8-июнда Техас штатынын Хьюстон шаарында өтөт жана 9-июнда ал шаардын жанындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хьюстондогу Мактоо чиркөөсүндө өтөт. Бул тууралуу Fort Bend Memorial Planning Center жарыялады.

9-июндагы маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Флойддун үй-бүлөсү жана достору катышат, андан кийин Флойд Хьюстондун жанындагы Перланддагы мемориалдык көрүстөнгө коюлат.

Сөөк коюу бюросунун өкүлүнүн айтымында, Флойд Хьюстондо туулуп өскөн.

Буга чейин белгилүү америкалык мушкер Флойд Мейвезер Джордж Флойдду акыркы сапарга узатуу үчүн акча төлөп берүүнү каалагандыгы кабарланган.

Спортчунун басма сөз катчысы Мейвезер маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышып, анын сунушуна макулдугун алганын айтты.

Флойддун өлүмү АКШда чоң нааразычылыктарды жаратты. Кийинчерээк демонстрациялар башаламандыкка айланган. Учурда бул тополоң 140тан ашык шаарга таасирин тийгизди.

Трамп АКШдагы башаламандыкты жөнгө салууда өзүн мактады

Copyright © 2017 Maral FM