Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 3930га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 364 | 0

Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3930 адамга жетти. Бул тууралуу 31-майда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, коронавирустан 47 бейтап каза болуп, 2004 киши айыгып чыкты. 31-майга карата 1886 адам ооруканада дарыланууда.

Ал эми kvtj.info сайтындагы «элдик тизмеде» 29-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны 360ка жеткени жазылууда. Тизме социалдык түйүндөрдө жарыяланган билдирүүлөргө жана маркумдардын туугандары берген маалыматтарга негизделген.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери бар миссиясы өлкөгө келген.

Copyright © 2017 Maral FM