Биз менен байланышыңыз

Лейлекте өрүк бышып, сатыкка чыгарылды

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 812 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы –Жер айыл аймагында өрүктүн эрте жетилген сорту толугу менен бышты. Бул тууралуу райондун айыл чаба департементинен кабарлашты.

Багбандар алгачкы түшүмдү жыйнап, сатыкка чыгарды. Азырынча жыйналган түшүмдүн көлөмү жана баасы  аныктала элек.

Баткен облусунда жалпы 8 миң гектар аянтта өрүк бактары бар. Жыл сайын 100миң тоннадай өрүк жыйналат. Анын 20 пайызы гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда иштетилсе, 80 пайызы экспорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM