Биз менен байланышыңыз

30-майда Екатеринбургдан Ош шаарына чартердик каттам уюштурулат

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 1044 | 0

Кыргызстандык жарандарды Орусиянын Екатеринбург шаарынан мекенине алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Каттам ушул жылдын 30-майында Екатеринбург шаарынан Ош шаарына «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан аткарылары пландалууда.

Бул каттам менен өтө муктаж болгон жарандар мекенине жөнөтүлөт (оор илдети барлар, майыптар, жашоодо оор кырдаалга туш болгон кичинекей балдары бар аялдар, кош бойлуулар, кары адамдар).

Министрликтен белгилешкендей, учуп кете тургандардын тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык аймагындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана жарандардын мындан мурда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын билеттерин сатып алгандыгын эске алуу менен түзүлүүдө.

Билеттер «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын атайын белгиленген кассаларында түзүлгөн тизмеге ылайык сатылат. Буга байланыштуу билеттерди сатып алуу боюнча ортомчулардын сунуштарына алданбоо эскертилет.

Учурда Урал федералдык аймагында Кыргызстанга учуп кетүүнү каалаган 600дөн ашык жаран бар.

Кыргызстанга кетүү маселеси боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

+7 (343) 223-68-12
+7 (343) 223-68-13
+7 (343) 227-39-39

Copyright © 2017 Maral FM