Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууга 9,5 млрд евро чогултулду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 462 | 0

Коронавируска каршы вакцина жана дары-дармек иштеп чыгуу үчүн каражат чогултуу кампаниясынын алкагында 9,5 миллиард евродон ашык акча чогултулду. Бул тууралуу Европа комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен билдирди.

«Укмуштай сонун натыйжа, биз Европа комиссиясынын «Глобалдык жооп берүү» марафонундагы биринчи учурга жетиштик», — деп жазган ал «Твиттерде».

Ляйен 15-апрелде эл аралык онлайн донорлор конференциясын өткөрүү демилгесин жарыялаган. Иш-чара 4-майда өткөн. АКШ ага катышуудан баш тартты.

Ляйен коронавируска каршы вакцина, дары-дармек жана диагностикалык системаларды иштеп чыгуу боюнча эл аралык аракеттерди каржылоонун баштапкы этабында 7,5 миллиард евро талап кылынарын белгилеген эле.

Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш пандемияны токтотуу жана дары-дармектерди өндүрүү үчүн беш эсе көп каражат талап кылынарын айтты.

Биринчи этапта 7,4 миллиард евро чогултулуп, андан кийин жеке адамдар, фонддор жана өкмөттөр кайрымдуулук иштерин улантышты.

Бул демилгенин максаты — дүйнөлүк масштабдагы коронавируска каршы вакцина, дары-дармектерди иштеп чыгуу боюнча изилдөө уюштуруу. Вакцина иштелип чыкканда бардык өлкөлөргө жеткиликтүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM