Биз менен байланышыңыз

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 1341 | 0

Бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты.

“Марал” радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM