Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 8322ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2020 | 842 | 0

Өткөн суткада Казакстанда дагы 403 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда, коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штабдын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Бейтаптардын саны бир суткада 5,1 %га көбөйдү. Казакстанда коронавирус пайда болгондон бери жалпы 8322 адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 4214 адам айыгып, 35 бейтап көз жумду.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Алматы шаарында 97 (4,7%) адам;

— Караганда облусунда 90 (19,1%) адам;

— Нур-Султан шаарында 58 (3,8%) адам;

— Чымкент шаарында 33 (5,7%) адам;

— Түркстан облусунда 33 (11,8%) адам;

— Атырау облусунда 22 (2,6%) адам;

— Актөбө облусунда 18 (7,1%) адам;

— Батыш Казакстан облусунда 16 (4,3%) адам;

— Жамбыл облусунда 10 (4,0%) адам;

— Алматы облусунда 6 (2,2%) адам;

— Түндүк Казакстан облусунда 6 (15,0%) адам;

— Кызыл-Ордо облусунда 5 (1,8%) адам;

— Костанай облусунда 5 (4,3%) адам;

— Мангистау облусунда 2 (1,2%) адам;

— Чыгыш Казакстан облусунда 2 (3,3%) адам.

Copyright © 2017 Maral FM