Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча рекорддук чек катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2020 | 466 | 0

Орусияда акыркы сутканын ичинде 9434 адамда коронавирус аныкталды. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жаңы келип түшкөн бейтаптар федерациянын 84 аймагынан катталган. 22-майда каза болгондордун саны боюнча жаңы рекорддук чек катталды. Бир сутка ичинде 139 бейтап көз жумду. Өлкөдө жалпы 3388 бейтап көз жумган. Бул тууралуу РБК жазды.

Бүгүн, 23-майга карата Орусиядагы бейтаптардын жалпы саны 335 миң 882 адамга жетти. Алардын ичинен 108 миңден ашык адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пандемия башталгандан бери 8,4 млн (акыркы суткада 276,1 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда 279 миң 35 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM