Биз менен байланышыңыз

Папан суу сактагычында адамдын жансыз денеси табылды

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 773 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 22-май күнү Папан айыл аймагына караштуу Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган эркек кишинин чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн.

23-май күнү саат 06:00дө издөө иштери улантылып, саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM