Биз менен байланышыңыз

Кытайда январдан бери биринчи жолу коронавирус катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2020 | 872 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Кытайдын Мамлекеттик саламаттык сактоо комитетинин маалыматына ылайык, январь айынан бери биринчи жолу өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган жок.

Учурда 79 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө, алардын тогузунун абалы оор деп бааланууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирус  пайда болгондон бери жалпы 82 971 адам жуктуруп, алардын ичинен 4634 адам каза болгон.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM