Биз менен байланышыңыз

УКМК: Прокурордун ага жардамчысы 2 миң доллар пара алып кармалды

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 833 | 0

22-майда 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM