Биз менен байланышыңыз

Сутка ичинде үч дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 460 | 0

Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Нарын шаарында бир медкызматкер илдетке кабылды.

Ошол эле учурда стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350гө жетти. Алардын ичинен 949 жаран айыгып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM