Биз менен байланышыңыз

Президент Судьялар кеңешинин төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 561 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаров өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында Судьялар кеңешинин ишмердигиндеги бир кыйла маанилүү багыттардын бири соттор менен судьялардын ишмердигине тиешелүү ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана иштеп чыгуу болуп саналаарын айтты.

Мамлекет башчысы судьялар коомчулугунун кызыкчылыгын жактаган орган катары Судьялар кеңешине судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана эмес, жалпы эле сот тутумунун ишин жакшыртуу, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун, анын ичинде алардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык талаптарын аткаруусун камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков судьялар тарабынан өздөрүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, тактап айтканда, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын айтты.

Сот жана сот-аткаруучулук блоктор бөлүгүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматтык маалымат тутумун ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга жараша сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM