Биз менен байланышыңыз

Баткенде өндүрүлгөн экологиялык таза продукциялар сатыкка чыкты

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 2115 | 0

Баткен облусунда жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан жасалган, Бажы биримдигинин талаптарына жооп берген, нукура, таза азыктар соода түйүндөрүндө сатыла баштады. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар өрүк скрабы, өрүк талканы, килкилдек, шербет, нукура таттуулар, өрүк токочтор, кургатылган өрүк, данектер.

Баткендик ишкерлердин бул азыктарды өндүрүү технологиясына JICA уюмунун «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун эксперттери жардам берүүдө.

Жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, экологиялык жактан таза продуктуларды өндүрүп, Batken Product аталышындагы логотип менен сатыкка чыккан бул азыктар Бишкек шаарындагы «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун дүкөнүндө да сатылууда.

Учурда жергиликтүү бийлик жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жаш балдарды экологиялык таза азыктар менен тамактандыруу максатында, мектеп, бала бакчаларга сатып алууну пландап жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM