Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ооз ачуу өткөргөн чайканага айып салынды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 1352 | 0

Кечээ, 18-майда, Ленин райондук тобу жана акимчилик тарабынан «Кара-Суу» чайканасы иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Бардык конок бөлмөлөрүндө эс алып жаткан адамдар болгон жана кызматкерлер толук курамда иштеп жаткан. Кафенин ээси А. Конгантиева бул фактыны алар ооз ачуу өткөрүп жаткандыгы менен түшүндүргөн«, — деп айтылат маалыматта.

Жеринде протокол түзүлүп, чайкана ээсине айып салынган.

Мэриянын санитардык рейддери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM