Биз менен байланышыңыз

19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 1014 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 19-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 8…..13.… күндүз: 16……..21°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 7…..12.….күндүз: 15………20°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 11……16….күндүз: 21……..26°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 11……16….күндүз: 21………26°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 6……11.….күндүз: 15……..20°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 4……9…..күндүз: 15.……20°C

19-майда Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…….13°C, күндүзү 19………21°C.

Copyright © 2017 Maral FM