Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн карантинде D витамини маанилүү?

Блог | 18 мая 2020 | 2717 | 0

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо кеңеши жаз жана жай айларында күн сайын D витаминин ичүүнү сунуштайт.

Адатта көчөдө жүргөндө D витаминин жетиштүү деңгээлде алабыз. Анткени организм витаминди денеге тийген күндүн нурунан иштеп чыгат.

D витамини «күн витамини» деп да аталат. Ал башка витаминдер менен бирге инфекцияларга каршы күрөшүүгө жардам берет. Бул өзгөчө пандемия учурунда абдан маанилүү.

Сунуштар

Англиялык эксперттер төмөнкү учурларда жыл бою D витаминин ичүүнү сунушташат:

  • эгер сыртка чыкпасаңыз;
  • карылар үйүндө жашасаңыз;
  • сыртка чыкканда бүт денеңизди жапкан көйнөк кийсеңиз.

Кара түстөгү адамдар ар дайым көчөдө жүрсө да, «күн витаминин» жетиштүү деңгээлде ала албайт.

Эмнеге D витамини керек?

D витамини тиштерди, сөөктөрдү жана булчуңдарды чыңдайт.

Бала кезде бул витаминдин жетишсиздиги итийге, ал эми чоң кишилерде сөөктүн жумшарышынан улам келип чыккан остеомаляция оорусуна себеп болот.

Изилдөөлөргө ылайык, D витамини суук тийгенге жана сасык тумоого каршы күрөшүүгө жардам берет. Бирок иммунитетти жогорулатат деген так далилдер жок.

Айрым изилдөөлөргө таянсак, мезгилдик депрессия D витамининин жетишсиздиги менен байланыштуу. Дагы  башка бир баяндамада айтылгандай, бул витаминдин жетишсиздиги нерв системасына жана маанайга таасир тийгизиши мүмкүн.

Аны көп өлчөмдө ичүүгө болобу?

Жок. D витамини тамак-аш кошулмасы катары зыянсыз болсо да, аны күн сайын жана көп өлчөмдө колдонуу зыяндуу болушу ыктымал.

Анын коопсуз көлөмү төмөнкүдөй:

  • 1 жашка чейинки ымыркайлар үчүн — суткасына 25 мкг.дан ашпаган өлчөмдө;
  • 1 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн — күнүнө 50 мкг.дан ашпаган өлчөмдө;
  • чоңдор — күнүнө 50 мкг.дан ашык эмес, ал эми био кошумчалар — күнүнө 10 мкг.

Бейтапка D витамининин жетишсиздиги диагнозу коюлган учурда, дарыгер айрым учурларда көбүрөөк дозаны сунушташы мүмкүн.

Бөйрөк оорусу сыяктуу кээ бир ооруларда D витамини ичүү сунушталбайт.

Ал коронавирустан коргойбу?

Жок. Бул витаминди коронавирустук инфекциядан коргойт деген эч кандай далил жок. Бирок ошол эле учурда, эксперттер пандемия учурунда пайдалуу деп эсептешет.

Испан жана француз дарыгерлери «D витамининин коронавирус менен ооругандарга пайдалуубу же жокпу» деп клиникалык изилдөө жүргүзүп жатышат.

Британиялык медициналык профессор Жон Родстун айтымында, D витамини сезгенүүгө каршы касиетке ээ.

D2 же D3?

D витамини дарыканаларда таблеткалар же мультивитаминдер түрүндө сатылат. Ымыркайлар үчүн ал тамчылар түрүндө болот.

Көпчүлүк учурда, бул витамин пакетте D2 же D3 катары көрсөтүлгөн. Айырмасы, D2 (эргокальциферол) өсүмдүктөрдөн алынат, ал эми D3 (холекальциферол) ультрафиолет нурлануусу менен б.а. биздин денебизде өндүрүлүп чыгарылат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, D3 эффективдүү болуп саналат.

Ал тамак-аштарда жетиштүү өлчөмдө барбы?

D витамини деп аталганы менен ал чындыгында организмде кальцийдин сиңишине жооп берген гормон.

Ал майлуу балык жана жумурткалардан башка эч бир жерде табылбайт. Бирок терибиз ультрафиолет нурунун таасири менен бул гормонду кадимки холестеринден иштеп чыгат.

Бул витаминдин жетишсиздигин кантип билүүгө болот?

Уорвик университетинин медициналык тарыхчысы Роберта Бивни: «Күндүн нуруна болгон муктаждык жеке мүнөзгө ээ жана дененин түсүнө жана майдын көлөмүнө жараша болот», — дейт.

Демек, D витамининин жетишсиздигин симптомдор менен эмес, кан анализдери аркылуу аныктоо зарыл.

Күн нурунан алса болобу?

Күнгө күйүп, көп өлчөмдөгү D витаминин алуу — оор. Күн өтүп кетүү коркунучу жогору болгондуктан, күнгө көп туруштук бербеңиз.

Балдар жана кош бойлуу аялдар эмне кылышат?

Дарыгерлердин сунуштары төмөнкүлөр:

  • ымыркайлар төрөлгөндөн баштап 1 жашка чейин күнүнө 8,5-10 мкг. D витаминин алышы керек;
  • жасалма жол менен азыктанган ымыркайлар балдар формуласы аркылуу D витаминин алышат;
  • 1 жаштан 4 жашка чейинки балдарга күнүнө 10 мкг. D витамини керек;
  • кош бойлуу жана бала эмизген аялдар дагы күнүнө 10 мкг. D витаминин ичиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM