Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 16-майда бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 505 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 16-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 8…..13.… күндүз: 19……..24°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 7…..12.….күндүз: 18………23°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 10……15….күндүз: 21……..26°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 10……15….күндүз: 21………26°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 4……9..….күндүз: 17……..22°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 3……8…..күндүз: 17.……22°C

16-майда Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…….13°C, күндүзү 22………24°C.

Copyright © 2017 Maral FM