Биз менен байланышыңыз

Лейлекте жааган жаан эгилген күрүчтү жууп кетти

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 783 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 13-май күнү саат 19:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Жаркыштак айылында арыктан суу ашып 50 соток эгилген күрүчтү суу жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Тазалоо иштерине 13-май күнү айыл аймактан 1 кызматкер тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзгөн.

Бүгүн, 14-май күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM