Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 14-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 320 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 14-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 12…..17.… күндүз: 20……..25°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 10…..15.….күндүз: 18………23°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 14……19….күндүз: 21……..26°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 14……19….күндүз: 21………26°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 14……19..….күндүз: 21……..26°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 5……10…..күндүз: 19.……24°C

14-майда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…….17°C, күндүзү 22………24°C.

Copyright © 2017 Maral FM