Биз менен байланышыңыз

2019-жылы тышкы карыздардын көлөмү ИДПга карата 1,5 пайызга төмөндөгөн

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 297 | 0

2019-жылы тышкы карыздардын көлөмү ИДПга карата 45,5 пайызды түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, тышкы каражатты экономикалык, инвестициялык долбоорлорго тартуу, бизнеске гана алып келүү саясаты жүргүзүлүүдө.

Өнөр жай өндүрүшү боюнча 2019-жылы 279 млрд сомго продукция өндүрүлүп, өсүш 6,9 пайызды түздү. Өнөр жайга чет элдик 314 млн доллар түз инвестиция тартылды.

«Мындан сырткары 231 ишкана ишке кирип, бир катар ири ишканалар кубаттуулугун арттырды.  Бир эле мисал, мунай иштетүү жана өндүрүү тармагы боюнча өндүрүлгөн жалпы продукция 5,5 млрд сомду түзүп, 12%га өстү,» — дейт Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM