Биз менен байланышыңыз

Баткенде 2 унаа сүзүшүп, 5 киши жаракат алды

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 559 | 0

Баткен шаарында эки портер жеңил унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен 5 киши жаракат алды. Кырсык 13-майга караган түнү саат 00:55 чамасында орун алганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Садыков көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен «Хундай Портер» жана «Ниссан» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 5 эркек адам ар кандай жаракаттарды алышкан. ӨКМдин №26 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM