Connect with us

Тажикстанда аскер бөлүктөрүнө карантин киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Май 2020 | 560 | 0

Тажикстандын Коргоо министрлиги бардык аскер бөлүктөрүнө карантин киргизип, жоокерлер менен туугандарынын жолугушуусуна тыюу салды.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул чечим катардагы жана офицердик курамдын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди. Аскер бөлүктөрүндө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды, ашкана жана казармалар дезинфекцияланууда.

Ошол эле маалда өлкөдө Куралдуу күчтөрдүн катарына кызмат өтөө үчүн аскерге чакыруу өнөктүгү 31-майга чейин уланат.

Тажикстанда армияга чакыруу жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Ар биринде аскердик милдет өтөөгө 18-27 жаштагы 16 миңге жакын жигит чакырылат. Ушул тапта план 95%га аткарылды.

12-майдагы маалыматка ылайык, Тажикстанда 729 адамдан коронавирус табылса, анын ичинен 23 бейтап көз жумган.


Тажикстанда массалык дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

Copyright © 2017 Maral FM