Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда массалык дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2020 | 696 | 0

Тажикстандагы шаарларда жана райондордо күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, вирус абада көпкө жашабаганы менен, ар кандай предметтерде көпкө, 3 же андан көп суткага чейин сакталышы мүмкүн. Ошондуктан эл көп топтолгон жерлер дайыма атайын каражаттар менен тазаланышы керек.

Мобилдик топтор күн сайын көчөлөрдү, мекемелерди, эл көп топтолгон жерлерди атайын аралашма менен дезинфенциялоодо. Азык-түлүк сатуучу ири маркеттер да санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактап, дезинфекция иштерине басым жасоодо. Дүкөндөргө барган адамдардын дене табы текшерилип, колдору антисептик менен тазаланып жатат. Сатуучулар коргоочу кийим кийип, аралыкты сактоону дүкөндүн кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

12-майдагы маалыматка ылайык, Тажикстанда 729 адамдан коронавирус табылса, 23 бейтап көз жумду. Айыккандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун COVID-19 вирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат тараган.


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коронавирус илдетине кабылганы айтылууда

Copyright © 2017 Maral FM