Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коронавирус илдетине кабылганы айтылууда

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 961 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды. Буга байланыштуу ал 3-май күнү Phoenix Air компаниясынын Gulfstream G-III учагы аркылуу Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына атайын каттам менен учуп кетти. Бул тууралуу тажик оппозиция өкүлү Шарафидин Гадоев атайын кызматтар берген маалыматка таянып, «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул учак атайын медициналык жабдыктар менен камсыздалып, дарыгерлер персоналы жана оор абалдагы бейтаптарды ташуучу жабдуулары дайындалган.

Рахмон өлкөдө өзгөчө абалга карабай көп убакыттан бери коомчулук алдына чыга элек болчу. Анын сыркоолоп калуусу тууралуу булактар кабарлаган маалымат чындыкка окшошуп турат, — деп жазылат маалыматта.

Бул маалымат боюнча расмий бийлик эч кандай билдирүү айта элек.

Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 293кө жеткен. Илдеттен 5 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM