Биз менен байланышыңыз

Оорукана куруу үчүн мамлекеттик жерлерди жеке секторго берүү сунушталды

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 616 | 0

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 12-майдагы жыйынында депутат Иса Өмүркулов өкмөткө бейтапкана курууда мамлекеттик жерлерди жеке секторлорго берүү сунушун берди.

− Азыр пандемия болду эле, жарытарлык бир ооруканабыз жок. Мамлекеттин жерин жеке секторлорго бербейсиңерби? Алар (бейтапкана) куруп, жарымын силерге берсин, жарымын өзү иштетсин. Объективдүү караганда акча жок. Бергиле. Эмне деген диагностикалык аппараттарды алып келишмек. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражатын ошолорго бербейсиздерби? −деди Өмүкулов.

Эл өкүлү мындан сырткары энергетика тармагында эч кандай жылыш жок экенин белгилеп, 200-300 мегаваттан кем эмес кошумча көмөкчордон курулбаганын сынга алды.

Өмүркулов буга кошумча жергиликтүү бийликтин ишине баа берүү сунушун киргизди.

Белгилей кетсек, жыйында өкмөттүн былтыркы жылдагы иши тууралуу отчету каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM