Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузууну демилгеледи

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1293 | 0

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп жатканына токтолуп, пандемия учурунда каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштады.

Анын айтымында, учурда илдет кайра күчөп жатат.

«Бүгүнкү күндө жалпы ооругандардын саны 100 миңге жетти. Абал дагы кыйындай турганы айтылууда. Андыктан, илдетке каршы күрөштү күчөтүү керек. Айрыкча, дарыгерлерге жана жалпы эле медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарыл. Муну менен катар пандемия маалында кызмат кылып жүрүп каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштайм», — деди эл өкүлү.

 Кошумчалай кетсек, акыркы бир сутка ичинде 305 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду. 2020-жылы 14-декабрда 318 адамдан коронавирус табылган эле.

Copyright © 2017 Maral FM