Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: «Донорсуз эле экономиканы өнүктүрүүгө болот»

Күн чекит | 19 Ноя 2019 | 1023 | 0

Эл аралык донорлор «Кыргызстанга жардам беребиз» деген максатта келген учурда деле мамлекеттик органдын талабына, керегине жараган долбоорлорду ишке ашырышат. Мындай пикирин ишкер, Айыл-чарба жана өнөр-жайын өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “мамлекеттик органдардын өнүгүү багыты кайда кетип баратат? Ошол багытты колдогон долбоорлор барбы?” деген суроолорду коюу зарыл.

-Тилекке каршы, биздин экономикабыздын өнүгүүсүндө акыркы жылдары жеке секторго эмес, донорлорго жана эл аралык карыздарга таянып калган учур болууда. Албетте, донорлор тармактарга бөлүнөт: экономика, социалдык, билим берүү жана кайрымдуулук болуп. Бирок донорлор тарабынан бөлүнүп жаткан акча канчалык эффективдүү пайдаланылууда – бул дагы өзүнчө маселе. Айта кетсек, акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өндүрүү үчүн 1 миллиард долларга жакын каражат бөлүнүптүр. Бирок анын дайыны деле жок. Бул жерде максат — донорлорду күнөөлөө эмес. Максат — “ошол келип жаткан акчалар канчалык эффективдүү колдонулууда” деген суроодо,- дейт Ажыкулов.

Ал мындан сырткары, ишкерлерди өнүктүрүүгө багытталган донорлорго түзүлгөн шарттарга токтолуп, жеке секторго тиешелүү шарт түзүлмөйүн экономика өнүкпөй турганын белгилейт:

-Донорлордун ишкерлерди колдогон программалары бар, колдоп эле келе жатышат. Бүгүнкү күндө бизде  – донорлор келсе, “ал мамлекеттик органдар менен донордун ортосунда гана болгон мамиле” деген салттык түшүнүк бар. Андай эмес, бул жерде жеке ишкерлерди да чакырып катыштыруу, алардын да үнүн угуу керек. Муну менен катар, айта кетчү жагдай бийликтин деңгээлиндеги коррпуциялык элементтер болгон учурда эч кандай майнап болбойт. Биз канчадан бери  “донорлор жок деле экономиканын өнүгүшүнө түрткү болгон бул — жеке сектор” деп айтып келебиз. Жеке ишкерликти колдоп, ошолорго шарт түзүп, ошол эле сот маселесин тизгиндеп жолго салмайын, экономикабыз өнүкпөйт.

Ажыкуловдун кошумчалаганына караганда, мамлекеттик, президенттик деңгээлде жакшы программалар кабыл алынат. Тилеке каршы, бул чечимдер аткаруучу органдарга жетпей калат.

Эске сала кетсек, 19-ноябрда Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы болуп өттү. Форумга президент Сооронбай Жээнбеков, эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышып, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM