Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркулов: Шайлоого «Мекеним Кыргызстан» менен барам

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 1673 | 0

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барат. Бул тууралуу маалыматты ал өзү «Маралга» ырастады.

—  Бул партия жаңы түзүлдү. Мыкты команда жана жаштар баштап баратканы үчүн тандадым, — деди Иса Өмүркулов.

Белгилей кетсек, «Мекеним Кыргызстан» партиясында Жогорку Кеңештин депутаттарынан Искендер Матраимов, Марлен Маматалиев, Жыргалбек Турускулов, Таабалды Тиллаев жана Гулкан Молдобековалар бар.

Copyright © 2017 Maral FM