Биз менен байланышыңыз

Аксакалдар сотун көтөрүү аракети

Коом | 30 Апр 2019 | 1244 | 0

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Аксакалдар соту тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анда өлкөдөгү Аксакалдар сотун кайрадан жандантып, санын көбөйтүү керектиги айтылган. Мындан улам, «Учурда Аксакалдар соту кайда? Кандай маселелерди чечип жатат? Кыргызстан үчүн аталган соттун кереги барбы?» — деген суроолордун айланасында иликтөө жүргүзүп көрдүк. 

Кыргызстандагы Аксакалдар сотун көбөйтүү керек. Мындай демилге депутат Иса Өмүркуловго таандык экендиги жазылып, мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыяланды. Бирок, эл өкүлү бул долбоор ага таандык эмес экенин айтуу менен «Талкуулоого башка мыйзам жокпу?» — деген суроо салып, төмөнкүлөргө токтолду:

— Эми долбоордо айтылган өзгөрүүлөргө токтололу. Анда облустук жана райондук маанидеги шаарларда Аксакалдар сотторунун иштөө принциптерин өзгөртүү керектиги айтылган. Аны менен катар, шаардын жана айыл- аймактын Аксакалдар сотунун санын көбөйтүү сунушталган. Бишкек жана Ош шаарларынын республикалык маанидеги өзгөчө статустарын эске алып,  аталган шаарларга Аксакалдар сотторун түзүү принциптерин аныктоо укугун жергиликтүү кеңештерге өткөрүп берүү тууралуу сөз козголгон. 

Мындай пикирди колдогон депутат Мирлан Бакиров кабыл алынган чечимдерге Аксакалдар сотунун таасири жогору деп эсептейт.

— Кыргыздар мурдатан бери эле аксакалдардын айтканын угуп, чечимине баш ийип келишчү. Аксакалдар соту шайланып, атайын институт ачылгандан бери, өлкөгө көп иштерди жасашты. Маселен, үй-бүлөлүк көйгөйлөр чечилип, жөнгө салынып жатты. Ошондой эле, жер маселеси чыкканда, сотко жеткирбестен, атайын жыйын өткөрүп маселени жеринде чечип беришчү. Менин оюмча, Аксакалдар сотунун мамлекетте орду чоң жана керек.

Ушундай эле ойду юридика илимдеринин доктору, эмгек сиңирген юрист Кайрат Осмоналиев да колдоп, айыл жергесиндеги үй-бүлөлүк көйгөйдү аксакалдар угуп,  маселенин чоо-жайын билген соң, жөнгө салып коёрун айтат. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Аксакалдар институтуна эч кандай көңүл бурулбай жатат. Осмоналиевдин айтуусунда, эгерде Аксакалдар сотторун кайрадан чогултуп, кадимкидей маяна коюлуп берилсе, мамлекетте өсүү байкалмагын кошумчалады.

— Албетте, биздин өлкөгө Аксакалдар соту керек. Анын үстүнө учурда соттордун иши көп болуп, жетишпей жатканда жардам берип, мамлекеттин бир учун тартканга орду чоң. Учурда Аксакалдар сотуна мамлекет тарабынан анчейин деле көңүл бурулбай жатат. Ошон үчүн алардын алып барып жаткан иштери элге көрүнбөй калып жатпайбы? Ал үчүн дасыккан, билимдүү, көп нерседен кабары бар аксакалдарды шайлап, кадимкидей айлык маяна коюп берип, мамлекет өз кароосуна алышы керек. Ошондо гана жыйынтык жана натыйжа чыгат деп ойлойм.

Ал эми саясатчы Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, экс-президент Аскар Акаевдин тушунда эле түзүлгөн Аксакалдар соту бүгүнкү күнгө чейин өз ордун таппай келет. Аталган сотту декларация кылып айтканы менен, укуктарына көңүл бурулбай калганын белгилейт.

— Жыйырма жылдан бери Аксакалдар соту өз ордун таба алган жок. Калыс пикирлерин коомго айта алышкан жок. Мындай кадамдардан кийин, «Аксакалдар сотунун мамлекетке кереги барбы?» — деген суроо жаралат. Буга чейин үч президент көнүл буруп карабагандан кийин, азыркы лидер карайбы? А депутаттар бул маселени жылыга көтөрөт, же майнап чыкпайт. Жылыга эле мыйзамга өзгөртүү киргизебиз дешет, бирок, жылда эле калып калат. Негизи, Аксакалдар сотунун иши көрүнбөй жатканынын себеби, аларда укук жок да. Ал жагын да эске алышы керек эле.

Бүгүнкү күндө Аксакалдар соту аброюн булгап алган. Мындай пикирди коомдук активист Гүлжигит Исаков билдирди. «Башка мамлекеттерде аксакалдардын сөзү кала берсе, президенттерге да мыйзам, анткени, алар маселени калыс карап, адилетүү чечим чыгарат», — дейт Исаков. Элдин аксакалдарга болгон ишеними кеткендиктен, учурда аларга кайрылгандар өтө аз.

— Өлкөбүздүн Аксакалдар соту ак жана адилеттүү иш алып барышпайт. Бардыгы деп айтуудан алысмын, арасында бирин-серин калыстыктан тайбагандары, ак сүйлөгөндөрү деле бар. Эми, Аксакалдар соту тууралуу айтсам, алар элге эмне үчүн жаман көрүнүп калышкан? Акаевдин учурунда уруу-уруу болуп бөлүнүшүп, чоңдордун сөзүн сүйлөп кетишкен. Андай кадамдар азыр да бар. Мисалы, азыр кала берсе ар бир чиновниктин өзүнө тиешелүү Аксакалдар соту бар. Ошол эле учурда, Грузия мамлекетинде аксакалдардын орду жогору. Ал тургай, алар президентке чейин кирип, чыгарып жаткан чечимин токтотуп коюу мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби, ал жакта мындай адамдарга болгон ишеним жана сый-урмат күч. Анткени, таза иштешет да.

Аксакалдар соту өлкөдө мурдагы президент Аскар Акаевдин буйругу менен 1995-жылдын 25-январында кабыл алынган. Ал эми 2016-жылдын 10-мартында мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин учурунда аталган соттун мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип бекитилген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM