Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов Атамбаевдин айткандарына Башкы прокуратура чара көрүшү керектигин айтты

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 640 | 0

Депутат Иса Өмүркуловдун экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айтканы сынга кабылды. Анда эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов учурунда президент бийликти узурпациялап алганын Өмүрбек Текебаев айтып чыкканын эске салды. Ошол учурда Иса Өмүркулов айтылгандарга каршы чыгып, Атамбаевди журт атасы деп, аны коргогонун айтты.

— Мен Атамбаевди колдогон жокмун. Иса Өмүркуловдун бул маселе боюнча айтканын туура эмес деп жатам. Саясаттагы эки жүздүүлүктүн принциптери ушундан бузулуп жатат. Жок дегенде, унчукпай отурбайбы?

Белгилей кетсек, Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин да таасирин көрсөтүп, жеке позициясын бийликке таңуулап жатканын айткан. Анда Атамбаевдин азыркы атайын органдарга айткан сындарына да токтолгон.

— АКСти түзгөн ким эле? Сабатсыз, бирок атайын тыңшап, куугунтуктап, бирөө каршы сүйлөсө, жоопко тартылган. Ошол кезде президенттин дарегине сын айтыла турган болсо, башкы прокурор иш козгочу. Бүгүн Башкы прокуратура эмне үчүн унчукпай отурат, мен түшүнбөйм.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канат Исаев менен Талант Мамытов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сындары боюнча кайрылуу жасады. Анда мурдагы мамлекет башчысына баа берүү керектигин сунушташты.

Copyright © 2017 Maral FM