Connect with us

ЖК депутаттары ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясына катышууда

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 793 | 0

Ушу күндөрү Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн башчысы Иса Өмүркулов жетектеген депутаттык топ Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын XXVIII (28) сессиясына катышып жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы кабарлады.

Люксембург өлкөсүндө өтүп жаткан «Коопсуздукту бекемдөөдө туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү: парламенттердин ролу» аталышындагы ЕККУнун XXVIII сессиясына фракция лидерлери, Жогорку Кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлери да катышууда.

Сессиянын алкагында туруктуу комитеттердин, ЕККУ ПАнын жалпы комитеттеринин саясий жана коопсуздук маселелери, экономикалык, илимий, технологиялык жана айлана-чөйрө маселелери, демократия жана адам укуктары, гуманитардык маселелер боюнча отурумдар жана ЕККУ ПАнын пленардык отуруму мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM