Биз менен байланышыңыз

Трамп журналист менен айтышуудан соң брифингден кетип калды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2020 | 2764 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг берип жаткан учурда журналист менен болгон айтышуудан кийин, брифингди токтотуп кетип калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, CBS телеканалынын корреспонденти Вэйцзя Цзян эмне үчүн америкалыктар өлүп жаткан учурда президент дүйнөлүк жарыш катары мамиле жасап, жүргүзүлгөн тестирлөөнүн санын көрсөтүп мактанып жаткандыгын айтып суроо салган.

− Адамдар дүйнө жүзү боюнча өлүп жатат. Бул суроону мага эмес, Кытайга бериңиз. Менден сурабыңыз, Кытайдан сураңыз, − деп жооп берген Трамп.

Андан кийин суроо берүү үчүн даярданып турган CNNдин кабарчысынын ордуна да кайрадан Цзян «Кытай тууралуу эмнеге дал мага айтып жатасыз?» деп суроо узаткан.

− Бул жооп бир сизге гана эмес, сиздикиндей «кычык» суроо бергендердин баарына тиешелүү, − деген Трамп.

Экөөнүн айтышынан соң, өзүнүн суроосун берүүгө аракет кылган CNNдин журналистине брифинг бүткөнүн айтып кетип калган.

Буга чейин «Айрым калпычы ЖМКлар негативдүү, душмандык негиздеги гана суроолорду берип, кайра чындыкты , чыныгы фактыны элге таркатуудан баш тартышат» деген Трамп күн сайынкы брифингди токтотуу ниетин билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM