Биз менен байланышыңыз

Өнөктөш өлкө башчылары кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктап жатышат

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 605 | 0

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Орусия жана Кыргызстан элдери фашисттик баскынчыларга каршы каармандык менен күрөшүп, келечек муундар үчүн жер жүзүндө тынчтыкты коргогондордун элесин ыйык тутуп, урматтап келишет.

Ата-бабалардан мурас болуп калган достуктун жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да кыргыз-орус мамилелерин биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүктүрүүнүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине жана заманбап чакырыктарга, анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы турууга жардам берерине бекем ишенем, — деп белгиленет телеграммада.

Ушундай мазмундагы куттуктоолор кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмондон келди.

Copyright © 2017 Maral FM