Биз менен байланышыңыз

COVID-19 апаатына карабай тажиктер менен аткезчилик кылгандар кармалды

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 1576 | 0

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кылган кыргыз, тажик жарандарын кармап, айрымдарын камакка алды. Окуя 3-май күнү болгонун милиция бүгүн кабарлады.

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын Как-Сай участкасында унаадагы жүктөрдү алмаштыруу максатында атайын тосулган базада, ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну тажик өнөктөштөрү менен мыйзамсыз контрабанда ишин уюштуруп жатканда кармалган.

Кыргыз жараны 2 тажик жараны менен бирге бажы көзөмөлүнөн тышкары, же андан жашыруун жол менен алып өткөн кургак-мөмө жемиштерди сатуу максатында 4 оор жүк ташуучу унаага жүктөп жаткан болушат.

Буга чейин Баткен районунун аймагында кыргыз жараны Тажик Республикасынын жарандары менен мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшөт. Ал Баткен ОИИБнын КЖБРне мыйзамсыз миграцияны уюштуруу беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жогорудагы кармалган жүктөр Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 223-беренесинин 1-бөлүгү (экономикалык контрабанда) менен, ал эми мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн тажик атуулдарына КР КЖКнын 358-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тергөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM