Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чегинде 6 баллдык жер титиреди. Кыйроолор жок

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 1118 | 0

Бүгүн саат 16:50дө кыргыз-кытай чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM