Биз менен байланышыңыз

Нурболот Үсөнбаев коронавирус апаатынын кайталануу коркунучун эскертти

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 829 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын экинчи толкуну болуп кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн өткөн брифингде суроолорго жооп берип жатып айтты.

Министрдин орун басары жарандарды алдын алуу чараларын кылдат сактоого чакырды.

— Социалдык аралык, беткап тагынуу жана өздүк гигиена – оорунун алдын алууда абдан жөнөкөй, бирок өтө маанилүү эрежелер болуп саналат. Эгерде жарандар керектүү алдын алуу чараларын так сактабаса, оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн, — деди Нурболот Үсөнбаев.

6-майга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетине кабылгандар 871ге жетти. Арасында медицина кызматкерлери бар. Оорудан 614 адам сакайган. Тилекке каршы, 12 жаран каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM