Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 581 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө өлкө башчысы Конституция — өлкөнүн дүйнөдө демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болгонун белгилейт.

Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин өнүгүү жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет.

Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз, — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо текстинде.

Copyright © 2017 Maral FM