Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандагы дамбанын жарылуусунан Казакстандын эки айылын суу каптады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2020 | 12380 | 0

Казакстандын Түркстан облусунун акимиатынын маалыматы боюнча, 2-май күнү саат 04.30 чамасында Мактаарал районунун чек арасында суу сактагыч жырылып, Жеңиш жана Жаңы Турмыс конуштарын суу каптап кеткен. Ошондой эле, Мырзакент-Жеңис-Жаңы Турмыс унаа жолунда суу ташкындап, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук пайда болгон. Бул тууралуу  Tengrinews.kz. сайты жазды.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, Мырзакент, Фердоуси, Жантаксай калктуу конуштарынан Атакент айылына эвакуациялоо маселеси чечилүүдө. Атакент жана Мырзакент айылдарынын ортосундагы аралык 35 чакырым.
Мырзакентте 2848 үйдө 14 532 адам жашайт. Фердоусиде 314 үйдө 2377 адам жашайт. Жантаксай конушунда 95 үйдө, 700 адам жашайт.

Куткаруу иштерине 500дөн ашык куткаруучу жана кошумча каражат тартылган.

Учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин, экология, геология жана жаратылыш ресурстар министринин орун басары Сергей Громов жана айыл чарба министрлигинин өкүлү Түркстан облусуна жөнөп кетишти.

Эске салсак, Өзбекстанда 1-май күнү нөшөрлүү жаан-чачындардан кийин «Сардоба» суу сактагычындагы дамбалардын биринен жарака кетип, айылдарын суу каптап, 11,6 миңден ашык адам эвакуацияланган.

Copyright © 2017 Maral FM