Биз менен байланышыңыз

Лейлекте куюн аралаш шамал 7 мектеп, 33 турак үйдүн чатырын учурду

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 923 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда 29-апрель күнү саат 21:00 чамасында куюн аралаш шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 1-майда билдирди.

ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин Исфана метеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык, куюндун ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге чейин жеткен.

Анын кесепетинен Лейлек районунун айыл аймактары боюнча 7 орто мектептин 75 даана, 33 турак үйдүн 476 даана жана 15 чарбалык курулуштардын 248 даана шиферлерин учуруп кеткен.

ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Copyright © 2017 Maral FM