Connect with us

2-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Май 2020 | 481 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 2-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 9…..14.… күндүз: 19……..24°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 8…..13.….күндүз: 17………22°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 11……16….күндүз: 21……..26°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 11……16….күндүз: 21………26°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 5……10..….күндүз: 16……..21°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 5……10…..күндүз: 16.……21°C

2-майда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…….14°C, күндүзү 21………23°C.

Copyright © 2017 Maral FM