Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 15 жашка чейинки 102 балада коронавирус аныкталган

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 528 | 0

Коронавирус 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган, алардын ичинде бир жашка чейинки 5 наристе бар. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бардык балдар ооруканага жаткырылган, абалы көпчүлүк учурларда канааттандырарлык (симптомдору жок), жеңил жана орточо оор абалда.

Бүгүнкү күнгө карата 59 бала үйүнө чыгарылды.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 756 ге жетти. Жалпы 504 бейтап айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM